super.kg logo

Унаа батыра албай калган Бишкектин тургундары үлгү алчу Вейнань шаарындагы транспорт (фоторепортаж)

 
Бишкектеги тыгындардан улам 10 мүнөттүк жолду 30 мүнөт жүргөн айдоочулар, жүргүнчүлөр унаанын көптүгүнө наалат айтышат. Жакында Кытайдын 1 миллионго чукул калкы бар Вейнань шаарында болуп, көлөмү боюнча Бишкектен көп айырмаланбаган бул шаарда андай көйгөй жок экенин байкадык. Акыркы үлгүдөгү кымбат унаалар менен катар көчөлөрдө велосипед, мопед менен жүргөндөр өтө көп. Базарга, жумушка, бала бакчага, жасанып алып жолугушууга баратканы да мопед, велосипед менен жүрүшөт. Алардын ыңгайлуу жол жүрүүсү үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Ошол себептүү 2 дөңгөлөктүү унааны башкарып бараткандар эрежени сактап, кооптонуу дегенди билишпейт. 
Узун сапка тизилген унаалардын катары кыскарып, кайсы бир кезде Бишкекте да мындай көрүнүш болуп калар деген үмүттө Вейнань шаарындагы көрүнүштөрдү сүрөт аркылуу назарыңыздарга коёбуз. Мындай транспортту эл тандаса, бийлик ушуга жараша шарт түзүп бергенге мажбур болмок.  
Маалымат үчүн: ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, Бишкекте күн сайын орто эсеп 350 миңден ашуун унаа жүрөт. 1970-жылдары Бишкектин инфраструктурасын түзүүдө шаардын көчөлөрү 40 миң унаага гана ылайыкталган. Бүгүнкү күндө катталган унаалардын саны 400 миңден ашат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
24.08.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
соонунго,бизде да ушундай болсо
24.08.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кышында тоңуп өлөсүң го мопеддер менен.
24.08.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-25° градус суукта велосипед тепкенинди коройун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: