super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура: "Шайлоодо кайсы бир партияга үгүттөгөн мамлекеттик кызматкерге кескин чара көрүлөт"

 
Башкы прокурор Индира Жолдубаева күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого прокуратура органдарын даярдоо жөнүндө жарлык чыгарды. Башкы прокуратурадан 11-августта билдиргендей, жарлыкка ылайык, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдөгү мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн атайын штаб түзүлүп, аны башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов жетектөөгө алды.
Штабдын максаты - шайлоо кампаниясы учурунда прокуратура органдарынын ишин координациялоо, Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте Конституциянын талаптарын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын катуу көзөмөлдөө. 
"Башкы прокурор кол койгон документте шайлоодо жооптуу кызматкерлердин тигил же бул партияга үгүттөп, кызматтык ыйгарым укуктарын мыйзамсыз пайдалануусуна прокуратура органдары кескин чараларды көрүшү керектиги көрсөтүлдү. Шайлоодо кайсы бир партияны колдоого жан үрөгөн мамлекеттик кызматкерлерге прокуратура тийиштүү чараларды көрөрү айтылды",- деп билдирет Башкы прокуратура.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: