super.kg logo
  Саясат  

2015-2018-жылдары мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымынын жылдык өсүшү 108 пайыз болору күтүлүүдө

 

2015-2018-жылдары мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын ар жылдык өсүшү орточо 108,8 пайыз болот деп божомолдонууда. Каржы министрлигинин билдиришинче, капиталдык чыгымдар 2012-жылы 22 пайызга жетип, 2013-жылы 11,5 пайызга чейин төмөндөгөн.  

"2016-2018-жылдарга божомолдонгон маалыматтар экономикалык беренелер боюнча чыгымдардын түзүмүн бир аз өзгөртөт. 2018-жылга карата эмгек акы фонду 27,4 пайызга жогорулайт, башка күнүмдүк чыгымдар 13,3 пайызга чейин азаят, капиталдык чыгымдар 21,7 пайызга көбөйөт, бул инфраструктуралык долбоорлорго инвестициялардын тартылышы менен шартталган. Трансферттер жана субсидиялар 10,6 пайызды түзөт, бул Социалдык фондго трансферттердин божомолдонгон өсүшү менен шартталган. Алсак, 2016-жылы трансферттер 1,4 миллиард сомго, 2017-жылы 1,7 миллиард сомго, 2018-жылы 1,9 миллиард сомго көбөймөкчү. Мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөр жалпы чыгымдардын 3,6 пайызына чейин же ички дүң продукциянын (ИДП) 1 пайызына көбөйөт",- деп билдирет министрлик.     

Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2016-жылы ИДПнын 4,4 пайызын түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч ИДПнын 3,1 пайызына чейин, ал эми 2018-жылы ИДПнын 1,2 пайызына чейин азаят деп божомолдонуп жатканы айтылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: