60 жаштан ашкан жарандар эски паспортторун бекер алмаштыра алышат

60 жаштан ашкан жарандар эски паспортторун ID-карта үлгүсүндөгү паспортко бекер алмаштыра алышат. Бул тууралуу 11-августта Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, 2004-жылдагы үлгүдөгү паспорт менен камсыздоо боюнча аракеттер жүрүп жатат. "Буга ылайык, 60 жаштан ашкан жарандарга 1994-жылкы паспортторун акысыз алмаштырууга шарт түзүлдү. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген толуктоолорго ылайык, жарандар пенсиялык, айдоочулук күбөлүгү, ошондой эле аскер билети аркылуу добуш берүүгө катыша алышпайт. Ушул жылы өтчү парламенттик шайлоого жарандар ID-карта үлгүсүндөгү паспорту менен гана добуш берүү мүмкүнчүлүгүн ала алышат",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
sabyr86

11.08.2015. 13:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлоо үчүн каары кишилерди темтеңдетип паспорт алмашкыла деп,шайлоого барбай койушса кутулабы.
novayariga

11.08.2015. 17:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында катуу баш ооруу кылып жатышат. Биометрика ,эми мунусу. Жакында башыбызга жугон салышы эле калды...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.