Орусияда 12-кабаттагы бийиктиктен кыргыз жумушчулары кулап, бири каза тапты, экөө оор жаракат алышты
Орусиянын Москва облусунун Балашиха шаарында 12-кабаттагы бийиктиктен 3 кыргыз жараны кулады. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта жергиликтүү укук коргоо түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, окуядан улам жумушчулардын бири баш сөөк-мээ жаракатын алып, омурткасы сынып, боору жарылды. "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери анын өмүрүн сактай албай калышты.
Экинчисинин омурткасы жана баш сөөгү сынып, ал учурда комада жатат. Үчүнчү жумушчунун мээси чайкалып, баш сөөгү сынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
-1

Аты-жөнү такталса, жарыялоого аракет кылабыз.