super.kg logo

Ош. Балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн таракан басып кеткенин оорукана башчысы калпка чыгарууда

 
Окурман тарабынан жиберилген сүрөттөр
Кечээ, 10-августта окурман SUPER.KG'ге Whatsapp аркылуу кайрылып, Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында таракандар жайылып кеткенин кабарлаган. Бүгүн оорукананын башчысы Кайрат Абжалов бизге байланышка чыгып, айтылган маалыматтарды төгүнгө чыгарууга аракет жасады. Анын айтымында, оорукана ар бир айда эки ирет дезинфекцияланып турат. 
"Ош шаардык залалсыздандыруу бекети тарабынан бир айда эки ирет дезинфекциялоо жүргүзүлөт. Мындан сырткары оорукананын кызматкерлери тарабынан күн сайын палаталарды жана бөлмөлөрдү тазалоо, залалсыздандыруу иштери аткарылат. Бүгүнкү күндө Залалсыздандыруу бекетине кошумча сунуш берилди, себеби күн ысык болуп жаткандыктан, таракандар жылытуу системинин түтүктөрү, суу түтүктөрү аркылуу жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөн, башка имараттан өтүп келиши мүмкүн",- дейт Абжалов. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.08.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак халатчандарга Аллах озу ыйман ынсап берсин. Бизде, Кыргызстанда, демейде баардык аймактарда ак халатчандар ото кайдигер болушат. Турмушта угуп коруп эле журобуз, акчан болсо жакшы дарыланып айыгып чыгасын, акчан жокпу анда бир Алладан башка сага эч ким жардам бербейт.
11.08.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул суроттордун таза болмолорду акы толой турган,тиги таракандар бары акысыз жата турган болушу керек. Бул эмес былтыры Ошто шаардык роддомдон коргом таракан жургон болмолорун(таанышы же акчасы жокту ошол жакка ) реанимационныйда ара торолгон балдарын коргону кирсек жыттанып турат. Шарт жок,акчаны шыпырат экен. Дамира Ниязалиева корсо экен ушул кабарды.
11.08.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз да жатып чыктык....таракандар жаман коп..бар жок кир.тазалык такыр жок...эшиктин алдында чоп басып кеткен.ар жерде мусор...чужой алкаштар да пиво арак которуп журо беришет....порядок жок.анан кечке акча сурай беришет.жакшы карабайт...
11.08.2015. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумушумдан кол жууп калбайын деген го.Бишкекте 3-чу балдар ооруканасында деле таракан каптап кеткен.Тун ичинде балдардын кулагына кирип кетеби деп коркосун!
12.08.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр бардык эле ооруканда бар санитаркалары да жакшы иштебейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: