БШК мыйзамдын талабын аткарбаганы үчүн 4 партияны шайлоого катышуудан четтетти
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо фондун ачып, тийиштүү сумманы өз маалында которбогону үчүн 4 саясий партияны парламенттик шайлоого катышуудан четтетти. Бул тууралуу 11-августта аталган мекемеден билдиришти. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, партиялар БШКдан каттоодон өткөн күндөн кийинки 5 күндүн ичинде шайлоо фондун ачууга милдеттүү.
Айта кетсек, парламенттик шайлоого катышарын 34 партия расмий билдирген эле, учурда анын 30у калды. Партиялар шайлоого аттануу алдында күрөө үчүн 5 миллион сом төлөөгө тийиш.
Шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

