Сокулук районунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды
Сокулук районунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 56 жаштагы И.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 30-июль күнү белгисиз адамдар сарайда байланып турган уюн уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.Т. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.