super.kg logo

Эльвира Сариева: "Ата-энелер стандартка туура келчү мектеп формасын сунуштай алышат"

 

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 11-августта коомчулукта талкууга алынып жаткан окуучулардын мектеп формасы тууралуу билдирүү жасады. Белгилүү болгондой, министрликте мектеп формасы тууралуу түшкөн сунуштарды карап чыгуу боюнча атайын топ түзүлгөн. 

"Кийинки аптадан баштап мектептерде ата-энелер чогулушу өткөрүлөт. Ал жерде мектеп жетекчилиги менен биргеликте окуучулардын мектеп формасына байланыштуу маселе каралат. Эгер сиздер сунушталган кызыл пиджак менен боз юбканы жакшы вариант катары көрбөсөңүздөр, ак көйнөк, кара юбканы калтырсаңыздар болот. Же болбосо, өкмөттүн токтомуна ылайык, стандартка туура келген форманы сунуштай аласыздар.

Мектеп жетекчилиги көрсөтүлгөн стандартка төп келе турган форманы гана талап кыла алат. Билим берүү министрлиги белгилүү бир стандарттарды кабыл алат, ата-энелер балдары үчүн кайсы форма туура келерин тандайт. Стандартка туура келчү кийимдердин катарындагы кыздардын (кофта, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак) жана балдардын (көйнөк, жилет, шым жана пиджак) кийимдери кара, боз, кочкул кызыл, көк түстө болушу керек",- дейт министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
12.08.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4-5 балдары бар ата энелер бирдиктуу мектеп формасын которо албастарын айтып жатышат. алардын да шартын караш керек
12.08.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түштөн кийинби, жаңы окуу жылынын башталарына аз эле убакыт калды го.
Бул маселе чечилгендей болду эле го, же кандай... Эми эмнени айтып жатат кайра...
12.08.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ак кофта, кара юбканы эле сунуштайм мен ата-эне катары
12.08.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак кофта, кара юбка эле жакшы менин оюмча. Анча мынча уй-булоо которо албайт жаны форманын акчасын
12.08.2015. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айла жок алдык ,2000ден же Жакшы емес,бучулуктору тар,же размери жок,андан коро ак кофта кара юбка Жакшы болчу
13.08.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз дагы инилериме алдык кастюм чак келсе шымы узун койногу чон болуп атып, кийбей эле кайра базардан койнок сатып бердик.
13.08.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу окуучулардын кийимин да бизнес кылбай, мурдагы эле бойдон калганы жакшы. Белый -верх, черный-вниз. Окуучу кыздарга да, балдарга да жарашыктуу, бат табылат, ынгайлуу
13.08.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо да,базардагы 900сомдук формалардай эле сапаты да тигилиши да анан да уялбай 1800 дейт. Коптор кийбейбиз ушу форма учун чыгарсанар мейли деп жатат бир уйдо 4 бала окуса 8 мин сом оной бекен, нанга сорго таап окутуп жаткан ата-энелер барда.
Турецкий варианты чыгыптыр анысы 1-4 кл 2700 сомдон экен, накта бай-кедей болуп болунуп жатпайлыбы?
Pantherka түзөттү 2015-08-13 16:34:51
18.08.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болбойт 100% ажыратып турган тус болуш керекби акыры
18.08.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иши кылса карапайым елди кыйнаш керек,бул Бир депутаттын, жеп жутаттын бизнеси да,Менин уч Балам окуйт быйыл,формасынын 6000мининен сырткары башкаларына еле 16000мин кетти,Менин оюма койсо ежелуу кызга ески тон деп еле кийгизип жибермекмин,ансыз да жаны бойдон еле калды кийимдер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: