super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз жана казак өңдүү бир тууган элдердин ортосунда бажы жана шлагбаумдар болбош керек"

 

Бүгүн, 12-августта Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу өтүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев "кыргыз жана казак өңдүү бир тууган элдердин ортосунда бажы жана шлагбаумдар болбош керек" деп жолугушууну баштады.

Коңшу мамлекеттин лидери Н.Назарбаев өз сөзүндө Ысык-Көлгө төрт-беш жылдан бери келбегенин айтып, бул көл дүйнөдөгү эң кереметтүү жерлердин бири экенин баса белгиледи. "Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы соода алмашуу өнүгүп жатат. Учурда анын көлөмү 1 миллиард долларга жетүүдө. Кыргыз-казак чек арасындагы бажы посттору ачылгандан кийин бул көрсөткүч мындан да жогорулайт деген үмүттөбүз",- деди Назарбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: