super.kg logo
  Саясат  

Тарыхта биринчи жолу кыргыз өлкөсү тууралуу репортаждар Малайзиянын маалымат каражаттарында жарык көрөт

 
Элчи Кылычбек Султанов жана консул Куштарбек Шамшидов "BERNAMA TV" телеканалында интервью учурунда.

Малайзиялык жалпыга маалымдоо каражаттары тарыхта биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин интервьюсун жана кыргыз өлкөсү жөнүндө репортаждарды жарыялоодо. Президенттин интервьюсу жана репортаждар эң көп көрүүчүсү бар TV3 телеканалында, англис тилиндеги эң көп нускалуу "THE STAR" гезитинде жана мамлекеттик расмий "BERNAMA TV" телеканалында жарык көрөт.

Аталган маалымат каражаттарынын билдиришинче, Кыргыз Республикасы тууралуу сюжеттер өткөн аптада кабар иретинде жарык көрдү, ошондой эле 31-август - Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүн утурлай (31-август - Малайзиянын да Эгемендүүлүк күнү) өлкө тууралуу бир нече репортаждар жана президент Алмазбек Атамбаевдин интервьюсу малайзиялык аудиторияга тартууланат.

Жергиликтүү калк менен тыгыз байланышта болгон кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн элчиликке билдиришинче, акыркы күндөрү малайзиялык ишкерлер менен туристтердин мамлекетибизге кызыгуусу күчөгөнү байкалат.

Маалымат үчүн: 2015-жылдын 24-30-июль күндөрү Малайзиянын алдынкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кыргыз жергесинде болушкан. Сапарды Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган жана кыргыз өлкөсүн аталган мамлекетке таанытуу аркылуу инвесторлорду жана туристтерди тартуу максатын көздөгөн.

Кыргыз жерине келип кеткен делегациянын курамы төмөнкүдөй:

ТV3 телекомпаниясынын журналисттери (Телеканал 1984-жылдын 1-июнунан бери иш алып барат. Учурда телеканал суткасына 24 саат бою эфирге чыгат жана Малайзияда эң көп көрүүчүсү бар телеканал. Малайзиядагы эң алдынкы ММКларды камтыган "Медиа Прима Берхад" компаниялардын тобунда. "Медиа Прима" тобу кирешеси жагынан Малайзиядагы алдынкы 100 компаниянын тизмесинде. Бул медиатоп TV3, 8ТВ, NTV7 жана TV9 телеканалдарына, "New Straits Times", "Берита Хариан" жана "Хариан метро" аттуу гезиттерине, Fly Fm, Hot FM жана One FM радиоканалдарына ээлик кылат), "THE STAR" гезитинин журналисттери (Малайзиядагы эң көп нускалуу күн сайын жарык көрүүчү англис тилдүү гезит. Гезиттин күнүмдүк нускасы 300 миң даананы түзүп, саясаттан тарта спортко чейинки темаларды камтыган өлкөдөгү эң окумдуу жана таасирдүү гезит катары саналат. Гезиттин малай, кытай тилинде жарык көрүүчү тиркемелери бар. Гезиттин "STAR" деп аталышы 1977-жылдан тарта гезитти жетектеген Малайзиянын биринчи премьер-министринин атынын баш тамгаларына дал келет: Suara Tunku Abdul Rahman (Тунку Абдул Рахмандын Сөзү). Гезиттин онлайн тармагы да Малайзиядагы кабарларды оперативдүү берип туруучу маалымат булагы. Гезит Малайзиядагы көп кирешелүү "Star Media Group Berhad" компаниясына тиешелүү. Компания мындан сырткары популярдуу Red FM, Suria FM, 988 FM, Mandarin, Capital FM радиолоруна жана бир нече популярдуу интернет-порталдарына да ээлик кылат) жана "BERNAMA TV" телекомпаниясынын журналисттери (Мамлекеттик расмий "BERNAMA" маалымат агенттигине карайт).


 






Малайзиядагы TV3 телеканалында Кыргызстан тууралуу сюжет көрсөтүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: