super.kg logo

Бишкекте пара алып жаткан жеринен милициянын подполковниги менен милициянын майору кармалды

 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө башкармалыгында коррупциялык схемалар аныкталып, пара талап кылууга шектүү катары милициянын подполковниги К.Б. менен милициянын майору Р.М. кармалды. Бул тууралуу 12-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү К.Б. "маңзат таштап, жоопко тарттырам" деп коркутуп И.З. аттуу жарандан 8 миң доллар талап кылган.

Кечээ, 11-августта 1000 доллар пара алып жаткан жеринен милициянын подполковниги К.Б. менен милициянын майору Р.М. колго түшүрүлгөн. Кармалган кызматкерлердин унаасын тинтүү учурунда 1,8 грамм героинге, 1,3 кара куурайга окшош зат табылган. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.08.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай нерселер бизде коп катталат бирок бирида кесиле элек
12.08.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шашылыш турдо СДПКга кошулуп алса кутулат.
12.08.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогон папакорлордун балдары, четолколрдун атактуу окуу жайларында билим алып жыргап журушкону окунучтуу((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: