Борбордо жер тилкесин өз алдынча кеңейтип алган жаранга 10 миң сом айып салынды




Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан өз билемдик менен жер тилкесин кеңейтип алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 12-августта билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, Көлмө конушунун тургуну Дилде Чоткараева 21,4х9 метр жерге дубал куруп, жер тилкесин кеңейтип алган. Биринчи Май райондук соту 10 миң сом өлчөмүндө айып салып, курулган тосмону сүрдүрүү боюнча токтом кабыл алган. 11-августта мыйзамсыз курулган дубал сүрдүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жериңиздин так дарегин жазып төмөнкү шилтеме менен өтүп суроо калтырыңыз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
Ошол бөлүмгө тема ачасыз.