Жалал-Абадда 15 миң сомдук азык-түлүк товарларын уурдоого шектелип эки жаран кармалды
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынын Көк-Арт көчөсүндө жайгашкан соода дүкөнүн тоноого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу 12-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-августта түнкүсүн белгисиз адамдар дүкөндөрдүн биринин терезесин бузуп киришип, 15 000 сомдук азык-түлүк товарларын уурдап кетишкен.
Оперативдүү иштердин натыйжасында, кылмыш изи сууй электе Жалал-Абад шаарында 1988-жылы туулган жаран менен 1990-жылы туулган жаран кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр тоноочулук ишин толук моюндарына алышкан. Факт боюнча "уурулук" жана "мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.