Казакстанда жол кырсыгынан жаракат алган кыргыз жарандарынын экөөсү Бишкекке алынып келди
7-август күнү Казакстандын Жамбыл облусунда жол кырсыгынан жаракат алган өлкөбүздүн жарандарынын экөөсү - Канатбек Адилбек уулу, Гүлзина Жусуп кызы Бишкекке алынып келинип, шаардагы №4-ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Акжол Батыркуловдун абалы оор болгондуктан, учурда Приозёрск шаарында ооруканада жатат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, 7-август күнү саат 06:40 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жүргүнчүлөдү ташыган автобус менен кыргыз жараны башкарып бара жаткан Тойота Ипсум унаасы кагылышкан. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу Даниярбек Эркебаев (Ош облусунун тургуну), Гүлүмкан Молдалиева (Сузак районунун тургуну), Исламбек Жаанбаев (Сузак районунун тургуну), Гүлбайра Атамирзаева (Ноокен районунун тургуну) каза тапкан. Алардын сөөктөрү 10-августта кыргыз жерине алынып келип, туугандарына өткөрүлүп берилди. Ал эми жогоруда аты аталган 3 жаран жаракат алып, Приозёрск шаарындагы ооруканага жаткырылган эле. Автобустун ичиндегилерден эч ким жабыр тартпаганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.