super.kg logo
  Саясат  

Чек ара кызматы: "Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайларында чек ара көзөмөлү мурдагыдай эле тартипте жүргүзүлөт"

 

ЕАЭБдин аймагында товарларды алып өтүү төлөмдөрсүз жана бажы көзөмөлүсүз жүргүзүлөт. Бул тууралуу 12-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Ушуга байланыштуу экономикалык коопсуздукту камсыз кылуудагы негизги күч-аракет Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек араларына багытталат. 

"Ошону менен бирге кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайларында чек ара көзөмөлү мурдагыдай эле тартипте жүргүзүлөт. “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү жайы жүргүнчүлөрдү өткөрүү жайы болуп саналат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасына келип жаткан жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү,  ошондой эле “Ак-Жол” бекетинде транспорт каражаттарынын агымын азайтуу максатында жүк ташуучу транспорт каражаттары “Ак-Тилек” жана “Чалдыбар” бекеттерине жөнөтүлөт",- деп айтылат маалыматта.  

Айта кетсек, бүгүн, 12-августта кыргыз өлкөсү ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп, кыргыз-казак мамлекеттеринин ортосундагы бажы көзөмөлү алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: