super.kg logo

Боом капчыгайында таш көчкүдөн улам унаа тыгынында калган жарандарга иче турган суу алынып келди

 

Бүгүн, 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боом капчыгайында таш көчкүдөн улам унаа тыгынында калып калгандарга иче турган суу алып келди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда унаа жолун тазалоо иштери жүрүп жатат. 

Кырсык орун алган жерге барган вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев унаа жолу жакынкы арада ачыларын маалымдады. "Жарым сааттын ичинде унаа өтүш үчүн айланма жолду ачууга аракет кылабыз. Тосулуп калган жол 20:00гө чейин тазаланып бүтөт. Мындан улам жарандарды сабырдуулукка чакырар элек. Кырдаал өкмөттүн көзөмөлүндө",- деди вице-премьер-министр.

Айта кетсек, бүгүн, 12-августта түштө Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таш көчкү орун алды. Көчкүнүн жалпы көлөмү 2 миң куб метрге барабар экени аныкталды. Учурда №34-Жол-колдонуу ишканасы жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Унаа кыймылы убактылуу токтотулду. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан улам жаракат алгандар жок, бирок бир нече унаа зыянга учураганы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
12.08.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактаса екен емнеси болсо да
12.08.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактаган экен...
Ошол жерде тургандар колдон-буттан алып жардам бере коюшса, иш тездеп, жол тез ачылат беле дейм...
14.08.2015. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajar., Колдон буттан алып.Кулкуну келтиресинда.Иштеп жатты бир хово,бир погрузчик.Ал жерге жок дегенде он ховону,эки погрузчикти иштетиш керек болчу,бир жылды бир убакыт таап эсалайын деген элдин кыжырын келирбей.Деги кудай сактады эчкимди басып калбай.Мындай шагыл саландап турган жерди коруп кантип транспорт министири жолду эксплуатацияга беришти.Ааа тушунуктуу алар самалет менен барышатта Колго .Жанангы таш кулаган участок ото коопту дагы кулайт коросунор ошондо кишилерди басып калбаса болду.
12.08.2015. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кудай сактасын. Кытайдагы футбол эмне болуп жатат.
12.08.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Dadasdasd, Кара эчкиге жан кайгы,касапчыга мал кайгы болбочу тууганым.Футбол сурачу башка жер таппадынбы.
12.08.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dadasdasd, сен кулкуну келтиресин го,эмне ошол таш тушкон жерде футбол болуп аткан беле?
12.08.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эсен аман ачып алышсын... Админ кечеки оруссиядагы он экинчи кабаттан кулагандардан эч кандай жанылык жокпу
13.08.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizstan, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/kabar/news/121055/
12.08.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул боом капчыгайдан көп таш кулайт.
13.08.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аю фирмасына Рахмаат. Суу таратып журушту
13.08.2015. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал жерде болдум эч Ким деле суу ичкен жок,аны мчс тер мн гаи Лер ле ичип алышты.Кичинекей балдарга суу жок ыйлап ысыкта кыйналышты.Дарбыз Коон дюшес терди сатышты Кымбатыраак .элде такыр ле ыйман жок калыптыр .Соз жок вообще
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: