Боом капчыгайында жолго түшкөн шагыл аралаш топурак алынып бүтө элек

Боом капчыгайында жолго түшкөн шагыл аралаш топурак алынып бүтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта SUPER.KG порталына КРнын Транспорт жана байланыш министрлигинен билдиришти.
“Учурда 6 жүктөгүч, 5 самосвал, 1 грейдер иштеп жатат. Азырынча 10 миң куб метр шагыл аралаш топурактын 5000 куб метри алынды. Бүгүн саат 15:00гө чейин толук тазаланат. Кечээ темир жолго катарлаш жаңы жол салынып, унаалар үчүн ачылган”,- деп айтылат министрликтин маалыматында.
Айта кетсек, кечээ Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымында шагыл аралаш топурак түшүп, жолду жаап калган.
Боом капчыгайындагы тыгындын үстүнөн көрүнүшү (үнү жок)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

.мамилекет башкарган чондорубуз эмне кылып жатты экен. суйлосонор " тоону томкоруп, ойду онкоросунар"карапайып элди алдап!