Бишкекте велосипедди ижарага берген аялды карактоого аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте велосипедди ижарага берген аялды карактоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 9-август күнү кечинде Раззаков жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эс алуучуларга велосипедди ижарага берген аялга белгисиз адам бычак такап, баштыгын алып кетүүгө аракет кылган. Ошол учурда жабырлануучу кыйкырып, элди жардамга чакырган. Мындан улам айласы кеткен кылмышкер качып кетүүгө үлгүргөн, бирок көпкө узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Ысык-Ата районунун 1991-жылы туулган А.Арзыбек аттуу тургуну болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
karona

13.08.2015. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алты саны аман туруп ушундай ишке барганын. Ата-энелери Россиянын ар кайсы тараптарында иштеп журуп, тарбия корбой чонойгондордон окшойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.