Транспорт жана байланыш министрлиги: "Боом капчыгайында унаа жолу ачык"

Боом капчыгайында унаа жолу ачык. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта SUPER.KG порталына КРнын Транспорт жана байланыш министрлигинен билдиришти.
“Учурда 6 жүктөгүч, 5 самосвал, 1 грейдер иштеп жатат. Азырынча шагыл аралаш түшкөн топурак толук тазалана элек. Бирок эки тараптан тең унаалар өтүп жатат. Кээ бир учурларда жол бир азга жабылып, кайра ачылууда. Буга жолду тазалоо иштери себеп болууда”,- деп айтылат министрликтин маалыматында.
Айта кетсек, кечээ Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымында шагыл аралаш топурак түшүп, унаа жолду жаап калган.
Боом капчыгайындагы тыгындын үстүнөн көрүнүшү (үнү жок)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

.мамилекет башкарган чондорубуз эмне кылып жатты экен. суйлосонор " тоону томкоруп, ойду онкоросунар"карапайып элди алдап!