super.kg logo

Биометрикалык тестирлөөнүн экинчи этабы 25-августтан 15-сентябрга чейин өткөрүлөт

 

Биометрикалык тестирлөөнүн экинчи этабы 25-августтан 15-сентябрга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоону уюштуруу жана аны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселеси боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын 12-августтагы отурумунда айтты. 

Тайырбек Сарпашев биометрикалык тестирлөөнүн биринчи жыйынтыгы ийгиликтүү болгондугун белгиледи. “Алгачкы тестирлөөгө 169 миң шайлоочу катышып, анын 160 миң жараны, же болбосо 93,56 пайызы өздүгүн базадан аныктай алды. Тестирлөө 2 миңден ашуун шайлоо чөлкөмдөрүндө өттү. Бул жакшы көрсөткүч. Жергиликтүү бийлик органдары иш жүзүндө тестирлөөнүн жүрүшү тууралуу, аппаратуралар менен тыгыз таанышты. Эч кандай кыйынчылык болгон жок”,- деди Сарпашев.

Сарпашев жергиликтүү бийликтин астында турган эң негизги үч тапшырманы белгиледи:

1. Операторлордун тизмесин тактоо;

2. Жалпы тестирлөөнүн экинчи этабын сапаттуу өткөрүү жана кимдин кайсы жерде шайлай тургандыгы тууралуу арыздарды чогултуу, Борбордук шайлоо комиссиясынын тутумдук администраторлору менен тыгыз иштөө. 

3. Шайлоо өтө турган жайларга тийиштүү шарт түзүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.08.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйынчылыктар болду!!! Мисалы элди чогултуу жагы ото туйшолткон маселе болду. Алар жыйын терим талаанын иши менен болуп жатканда мындай тестирлоолорго келип отушу кыйынчылык жаратууда...
13.08.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uli6886, Анысы аз келгенсип элдин арасында чуу болуп жатат биздин данныйларыбыз менен СДПК га голос кетти дешип. Эч кимден жакшы соз укпай жатабыз.
15.08.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен али биометрикалык каттоодон ото элекмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: