super.kg logo
  Саясат  

Өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө бекеттеринин абалын текшерип чыгуу тапшырмасы берилди

 

Бүгүн, 13-августта премьер-министр Темир Сариев экономика министри Олег Панкратовго өлкөнүн чек ара өткөрмө пункттарындагы абалды текшерип чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Берилген тапшырмага ылайык, тиешелүү жетекчилер Чүй облусунда жайгашкан чек ара өткөрмө пункттарынын иши жана кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагы ачылган соңку абал менен, ошондой эле нөөмөт бөлүктөрүнүн кандай иштеп жатканы менен таанышып чыгышат. 

Муну менен катар Экономика министрлигинин аймактык башкармалыктары Талас облусундагы жана Түп-Кеген жолунда жайгашкан чек ара пункттарында жогорудагыдай иштерди жүргүзүшмөкчү.

Учурда экономика министри Олег Панкратов баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардан түзүлгөн атайын топ Чүй облусунун аймагындагы чек ара өткөрмө пункттарынын абалы менен таанышып жатат. Анын жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек ара аймагы ачылган соң түзүлгөн кырдаал менен жеринен таанышып, жаралган маселелерди чечүү ыкмаларын иштеп чыкмакчы.

Эске салсак, буга чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы ачылган соң жаралчу маселелерди оперативдүү түрдө чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган нөөмөт бөлүктөрү түзүлгөн. Аталган бөлүктөр чек ара ачылгандан тарта эки жумалык мөөнөттө абалга көз салмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: