super.kg logo

Жалал-Абаддагы чек ара аскер бөлүгү 13 жылдыгын белгиледи

 

Жалал-Абад чек ара аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 13 жылдыгына карата бүгүн майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу 13-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага Ош жана Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын башчысынын орун басары Атырбек Темирбаев, Облустук чек ара аскер бөлүгүнүн жеке курамы, жергиликтүү бийлик органдары, ардагерлер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты. Аскер бөлүгүнүн жеке курамы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында коопсуздукту сактап келет. Аймактагы эки чек ара аскер бөлүгү майор Т.Дарчибаев менен капитан
К.Жаныбековдун атын алып жүрүшөт.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө куралдардын түрлөрү, техникалык жабдуулар, байланыш каражаттары көргөзмөгө коюлду. Ошондой эле жоокерлер өнөрлөрүн көрсөтүп, Мамлекеттик чек ара кызматынын ансамбли концерт койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: