Ош шаарындагы от казандар кышкы жылытуу мезгилине 70 пайыз даяр

Ош шаарындагы "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын отканалары быйылкы кыш мезгилине 70 пайыз даяр. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев аталган ишкананын отканаларынын 2015-2016-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшүн текшерүү учурунда аталган ишкананын жетекчиси Рысбек Нурдинов билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө А.Кадырбаев Керме-Тоо аймактык кеңешиндеги "Көкүмбий", “Анар-1” отканаларынын абалы менен таанышты. “Көкүмбий” отканасы электр жана көмүр менен иштегендиктен, бардык жабдуулары бир катар оңдоп-түзөөдөн өткөзүлүп, кышкы жылытуу мезгилине толук кандуу даярдалып коюлган. Ал эми “Анар-1” отканасы электрдик мештер менен иштегендиктен, жылытуу мезгилинде үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону Ош шаарынын мэри тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
“Былтыр Жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы Ош шаарына кыянаттык кылып, ушул отканага келүүчү 25 миңдик көмөк чордонун башка жакка жылдырып жиберген. Анын айынан өткөн жылытуу мезгилинде бир топ кыйынчылыктар болгон эле. Быйыл да андай маселе кайталанбаш үчүн азыртадан эскертип коёюн, Ош шаарынын эли шалаакы жетекчилердин айынан суукта калбашы керек”,- деди А.Кадырбаев.
Андан ары шаардагы бардык отканалардын кышка даярдыгы менен таанышып, бул убакка чейин келтирилген кээ бир кемчиликтерди жоюуну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.


1 |