Бишкекте бир канча каракчылык фактысына шектелген кылмыштуу топ кармалды
Бишкекте бир канча каракчылык фактысына шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган 5 адам Ысык-Ата жана Ысык-Көл райондорундагы каракчылык фактыларына шектелүүдө. Алар 1-август күнү Новопокровка-Алга унаа жолунда Бишкек шаарынын Т.С. аттуу тургунун тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун жана унаасын тартып алышкан. Ошондой эле аталган кылмыштуу топ 3-август түнү К.Э. аттуу айдоочуну сабап, унаасын айдап качып кетишкен.
Бул факт боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүүлөр кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
baha0306

14.08.2015. 08:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар дегеле эмне болуп баратабыз. Авто унаа ээлерине сак болунуздар демекчимин.14уно караган туну Аламедин 1де короодо турган жеринен белгисиз бироолор машинаны тоноп кетишиптир.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.