Кербен шаарындагы Нүзүп бийдин эстелигин тургузуу иши акчанын тартыштыгынан улам токтоп турат

Үстүбүздөгү жылдын 10-августунда SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу окурман кайрылып, Кербен шаарындагы унутта калган эстелик тууралуу билдирген эле. Бул боюнча Аксы районунун акими Медет Айдаралиев: “Нүзүп бийдин эстелигинин курулушу былтыр күздө башталган. Акчанын тартыштыгынан улам токтоп турат. Аны Нүзүп бийдин урпактары тургузуп жатышат. Бир аз күн мурун “Нүзүп бий” фондунун жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздүк. Тиешелүү акча каражатын таап, быйыл бүтүрөбүз дешти”,- деп билдирди SUPER.KG порталына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жергиликтүү бийлик деле каралашып койсо болмок экен, "силер баштадыңарбы, силер бүтүргүлө" дегендей болуп калыптыр...