super.kg logo

Кадамжайдагы орто мектепте чек арачылардын жашоосу чагылдырылган класс ачылды

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы орто мектепте чек арачылардын жашоосу чагылдырылган класс ачылды. Бул тууралуу 14-августта Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Кадамжай-унаа жол" көзөмөл-өткөрүү бекетинин чек арачылары Кадамжайдагы
№17-орто мектептеги классты оңдоодон өткөрүп, жасалгалашкан. Дубалдарга чек арачылардын бир күндүк иш күнү жөнүндө маалымат, чек арадагы тынчтыкты сактоодо эрдик көрсөткөн баатырлар тууралуу баяндама жазылып, сүрөттөрү илинди. 

“Жаңы класс патриоттуулукка үндөгөн сүрөттөр менен жасалгаланды. Бул биздин окуучуларга берген белегибиз. Балдар менен жолугушканда алардын аскердик жашоо жөнүндө билүүгө кызыкдар экенин көрүүгө болот. Биздин аракетибиз мекенибиздин коргоочуларын тарбиялоого салым кошот деген үмүттөбүз",- дейт жогорудагы көзөмөл-өткөрүү бекетинин башчысынын орун басары Владислав Голощапов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: