Сокулук районунда мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу маселеси талкууланды








Бүгүн, 14-августта билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Чүй облусунун Сокулук районундагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министр Шопоков шаарындагы мектеп-гимназияда болду. Мектепте 1258 окуучу билим алат. Жолугушууда мугалимдер жамааты жана ата-энелер билим берүү тармагына киргизилген жаңы өзгөрүүлөр, окутуучулардын эмгек акысын жогорулатуу сыяктуу көйгөйлөрдү талкуулашты.
"Буга чейин айтылгандай эле, 2016-жылдын январь айынан тартып билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мугалимдер аттестациядан өтүшөт. Билим берүү министрлиги тарабынан ар бир окутуучунун жумушунун эффективдүүлүгүнө баа берүүгө шарт түзүүчү мугалимдик кесиптин стандарты иштелип чыккан",- деп айтылат маалыматта.


1 |