Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагындагы дамбаны коргоо иштери жүрүүдө

Бүгүн окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу “Тоң районунун Көл-Төр айылында 60 гектар айдоо жерди суу каптап жатат” деп билдирүү калтырган. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда: “2015-жылдын 26-июлунда суунун деңгээли көтөрүлүп, 2013-жылы “Кумтөр” ишканасынын жардамы менен жасалган дамба бузулган. Натыйжада Көл-Төр жана Коңур-Өлөң айылдарынын ортосунан өткөн суу тосмонун оң жээгинен 1400 метр, сол жээгинен 500 метр аралыкты жеп кеткен. Ал жерге атайын техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргөн. Бирок суунун кириши менен калыбына келтирилген тилкелер кайрадан жуулуп кеткен. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн түндүк борборунан 1 бульдозер тартылып, дамбаны коргоо иштери аткарылууда. Ал эми төмөн жакта жайгашкан турак жайларды суу каптаган эмес. Суу каптоо коркунучу айдоо жерлерде пайда болгон”,- деп билдиришти.


1 |