17-августка чейин Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде жарык өчөт

15-17-август күндөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым жерлеринде жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-августта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Үмөталиев, Сагымбай манасчы көчөлөрүндө жарык өчөт. Ал эми 17-августта саат 09:00дөн 18:00гө чейин Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүндөгү №1146, 1290-трансформаторлоруна капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
17-августта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Горная Маевка, Кой-Таш, Кызыл-Бирлик, Прохладное, Аламүдүн (Молодёжная, Гоголь, Станционный тупик, Суворов көчөлөрү, ГЭС-3 орто мектеби), Маевка (Родниковая, Южная, Ала-Арча, Новая, Кара-Суу, Түлөбердиев, Виноградная, Жаш Гвардия, Сельская, Садовая, Набережная көчөлөрү) айылдарында, Сокулук районуна караштуу Манас (Совхоз, Новая, Достук көчөлөрүндө) айылында, Москва районуна караштуу Төлөк айылында боло турган оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.


1 |