Бишкекте табылган эки кичинекей кыз туугандарына өткөрүлүп берилди
Бишкекте табылган эки кичинекей кыз туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-август күнү саат 23:00 чамасында Садыгалиев менен Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде 7 жана 5 жаштагы эки кыз табылган. Алардын айтымдарына, ойноп жүрүшүп адашып калышкан. 13-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан кыздардын жашаган жери аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, 2008-жылы жана 2010-жылы туулган эже-сиңдилер чоң энесинин колунда калышкан. Апасы болсо иштөө үчүн Ысык-Көл облусуна кеткен. Ошол күнү кыздарды агасы карап калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Medina87

15.08.2015. 19:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга шугур!!!
AiBoru

16.08.2015. 02:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тунку 11ге чейин издебей жургонун. Эчкачан эн жакын тууганга да кичинекей балдарды ишенип таштабоо керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.