Бишкектеги Фучик эс алуу багынан адамдын башы табылды
Бишкектеги Фучик эс алуу багынан адамдын кесилген башы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Айта кетсек, 14-август күнү эртең менен 5-кичи райондогу таштанды таштоочу челектен эркек адамдын кесилген колдору жана буттары табылган. Ал эми кечээ, 15-август күнү Фучик эс алуу багынан белгисиз адамдын башы табылды. Азырынча табылган дене мүчөлөр Кара-Кулжа районунун 1987-жылы туулган тургунуна таандык экени айтылууда.
Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн мыкты кызматкерлер тартылганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-2

Колунда бар эле.не давно эле "посуда чыгарган завод салам" деп журду эле.
ата энесине кайрат тилейм.
Жүрөктүн үшүн ала турган окуя экен...
Алла Таалам бейишти буйрусун.