super.kg logo
  Саясат  

Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековго Социалдык фонддогу коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин токтотту

 

Бүгүн, 17-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековго Социалдык фонддогу коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин токтотту. Буга кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүткөнү себеп болгон. Ал эми эртең Салык кызматынын жана Жогорку Кеңештин төрагасы болуп тургандагы коррупциялык иштер боюнча соттук териштирүүлөр уланат.
Айта кетсек, А.Келдибеков "Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик социалдык фондунун төрагасы болуп турганда мамлекетке зыян алып келген" деп айыпталып, ага "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан улам ал 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынып, былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: