super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жөнөп кетишти

 

Бүгүн, 18-августта экономика министри Олег Панкратов кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттери алынгандан кийинки абал боюнча өкмөт башчы Темир Сариевге маалымат берди. Жолугушууда кыргыз-казак чек арасындагы абалга даттануулардын болуп жатканы айтылды. Андан кийин Олег Панкратов баштаган Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү чек ара өткөрмө пункттарынын абалы менен таанышуу үчүн жөнөп кетишти.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек ара аймагы ачылгандан кийин түзүлгөн кырдаал менен таанышып, жаралган көйгөйлөрдү тезинен чечүү боюнча иш жүргүзүлөрүн өкмөттөн кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: