super.kg logo

Келдибековго козголгон кылмыш ишиндеги бир эпизод гана кыскарды, башка эпизоддор боюнча соттук териштирүүлөр уланууда

 

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш ишиндеги бир эпизод гана кыскарды, башка эпизоддор боюнча соттук териштирүүлөр уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы жарыялады.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун маалыматы боюнча, иштин материалдарына ылайык, соттолуучулар А.Келдибеков Социалдык фонддун төрагасы, ал эми Б.Аманалиева анын орун басары болуп турганда "Ротак-Бишкек" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору менен алдын ала кылмыштуу көмүскө бүтүмгө келишип, 2004-жылдын 12-ноябрында өлкө жарандарынын камсыздандырылган өздүк камсыздандыруу эсептеринен көчүрмө бөлүктөрдү ачуу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө жана камсыздандырылган адамдардын даректери көрсөтүлгөн конверттерге таңгактоо боюнча 2009-жылдын 31-декабрына чейин бир көчүрмө бөлүктү 7,33 сом баада, сынактык тооруктарды өткөрбөстөн, ашыра көтөрүлгөн баада келишим түзүшкөн.

Соттолуучулар А.Келдибековго жана Б.Аманалиевага тагылып жаткан кылмыштар 2004-жылдан тарта 2005-жылдын 13-январына чейин жасалган. Бул кылмышты жасагандан тарта он жылдан ашык убакыт өткөн.

2015-жылдын 17-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту А.Келдибековго карата жазык иши боюнча жогоруда көрсөтүлгөн эпизод боюнча өндүрүштү эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүнө байланыштуу кыскартты.

Тергөө органдары тарабынан А.Келдибеков бир нече эпизоддор боюнча айыпталып жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл. Сот эпизоддордун бири гана боюнча жазык ишин кыскартты. Ал эми башка эпизоддор боюнча соттук териштирүүлөр уланууда. Кийинки сот отуруму 2015-жылдын 18-августуна белгиленди",- деп билдирет Жогорку Сот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.08.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камап эле салгылачы коп кыйнала бербей баары бир жегич да озунорго окшогон эле
18.08.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир айдан кийин экинчи эпизодун кыскарткыла, аман эле болгула бир мамлекет бир адамга кучу жетпей жатат анан кантип мамлекет болобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: