64 жаштагы карыя Токтогулдан Бишкекке жөө келди

Кеңсебиздин босогосун аттаган Мырзакул Эшенкулов Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынан бери Бишкекке жөө келгенин айтып отурду. Карыя 12-августта түшкө маал Токтогул шаарынан жолго чыгып, 17-августта Бишкекке жеткен (108 саат).
- Аксакал, айтсаңыз, ушунчалык узак жолду жөө басууга эмне түрткү болду? Машина менен жүргөндө эле жолдун алыстыгы тажатып жиберет го?..
- Менин кесибим айдоочу, көп жылдар бою фура айдап, Кыргыз Республикасы-Орусия каттамында жүк ташып иштедим. 2000-жылы жумушсуз калып, мал менен эле алек болоюн деп сарай сатып алгам. Койду да жөө кайтарчумун, ат деле минсем болмок, бирок менден 10 жаш кичүү иним аттан кулап каза болуп калган. Өзүм да бир нече жолу кулагандан кийин жылкы баласы мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Ошентип мал менен жүрүп, бруцеллёз оорусун жуктуруп алыптырмын, ал аз келгенсип белимден грыжа болуп, төшөктөн тура да, баса да албай ооруканага жатып калдым. Өзүм өмүр бою жолдо жүргөн адам болсом, төшөктө жатып калуу оор болду. Анан "кой, мен басышым керек" деп акырындан баса баштадым. Аралыкты көбөйтүп отуруп, Кудайга шүгүр, азыр күнүгө 20-30 чакырымды басып коём. Күндө эртең менен эрте туруп чуркайм. Анын үстүнө жайы-кышы дебей арыктагы аккан сууга чайканып турам, бул да сергек жашоого өбөлгө болот экен. Анан өзүмдү сынап көрүү үчүн Бишкекке жөө барууну чечтим.
- Балдарыңыз Бишкекке жөө барам дегениңизде эмне дешти?
- 2 уул, 2 кыз, 17 неберем бар, өмүрлүү болушсун. Бишкекке чейин жөө басып көрөйүн десем уул-келиним ишенбей коюшту, “жете албайсыз” деп. Мен өзүмдүкүн берген жокмун. Анан алар мени Ала-Бел ашуусуна чейин машина менен коштоп келишти. Ашууга чыккандан кийин аларды үйгө кетирип жиберсем, Чүйдүн Сосновка айылына жеткенде кайра артымдан келип алышыптыр.
- Жолдон ысык-суукка калып кыйналган жоксузбу?
- Жаныма жылуу кийимден башка эч нерсе алган эмесмин. Суусаганда "аккан сууда арам жок" деп эле арыктан суу ичип алып жаттым. Анын үстүнө балдарым коштоп жүрдү дебедимби, алар тамак-аш берип турушту. Чычкан, Суусамыр, Сокулуктагы мейманканаларда түнөдүм. Басканды, жөө жүргөндү аябай жактырам, андыктан көп деле кыйналган жокмун.
- Рахмат маегиңизге! Ден соолугуңуз чың болуп, баарыбызды сергек жашоого үндөп жүрө бериңиз!

балдарй кайра сосновкага жеткенде келип калганы жакты да байкуштар переживать этип келип калышкан го, эмне болду деп .
Омурунуз узун болсун!!!