super.kg logo
  Саясат  

Интерпол экс-чиновник Юруслан Тойчубековго эл аралык издөө жарыялады

 
Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубековго Интерпол эл аралык издөө жарыялады. Экс-чиновник коррупция, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу кылмыштарына катышканы үчүн изделүүдө. 
Ички иштер министрлиги быйыл июндун аягында Тойчубековго издөө жарыялаган. Аны камакка алуу боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту сырттан чечим чыгарганы белгилүү. Экс-чиновникке Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши ачылган.  
Экс-чиновник кызматта турганда компаниялардын бирине мыйзамсыз күбөлүк бергени жана пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошоткону үчүн айыпталууда. Толугураак бул жакта. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: