super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибеков: "Күнөөм жок экенин далилдемейинче, парламенттик шайлоого катышпайм"

 
Бүгүн, 18-августта Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков соттук отурумда келерки парламенттик шайлоого катышууга ниеттенбегендигин билдирди. "Күнөөм жок экенин далилдемейинче, парламенттик шайлоого катышпайм жана эч бир партиянын курамына кирбейм. Муну мен расмий түрдө жарыялайм",- деди Келдибеков.
Айта кетсек, кечээ, 17-августта Биринчи Май райондук соту Социалдык фонддогу коррупция боюнча А.Келдибековго козголгон кылмыш ишиндеги бир гана эпизодду кыскартты, башка эпизоддор боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.
А.Келдибеков "Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик социалдык фондунун төрагасы болуп турганда мамлекетке зыян алып келген" деп айыпталып, ага "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан улам ал 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынып, былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: