super.kg logo

Чычкан капчыгайындагы өрт жайылып кетүү коркунучунда турат

 
18-августта саат 22:00дө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун катышуусунда министрликтин Борбордук аппаратынын башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн башчылары, структуралык жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун акими Майорбек Токтогуловдун катышуусунда министрликтин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда онлайн режиминде Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында күйүп жаткан өрткө байланыштуу атайын ыкчам жыйын өттү.

Анда Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин директору, полковник Нуржан Осмоналиев, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, полковник Азамат Мамбетов жана Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов өрттү өчүрүү боюнча аткарылып жаткан жумуштар боюнча маалымат беришти.

ӨКМнын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин башчысы, полковник Нуржан Осмоналиев жергиликтүү калк өрт өчүрүү иштерине тиешелүү деңгээлде мобилизацияланбай жаткандыгын, бул багытта райондук мамлекеттик администрация ишти жандандыруусу зарыл экенин билдирсе, КР ӨКМнын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, полковник Азамат Мамбетов өрттү кол менен гана өчүрүүгө туура келип, ага эч кандай техника пайдалануу мүмкүн эмес экенин билдирди. Ал эми Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов абал оорлоп баратканын, өрт башка тараптарга да жайылып кетүү коркунучу бар экенин, жергиликтүү элди өрттү өчүрүү иштерине тартуу өтө кыйын болуп жатканын, азырынча өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар жана ички аскерлердин күчү менен гана өрт чектелип тургандыгын билдирди. 

К.Боронов министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө өрт өчүрүү иштерине тик учактарды тартууну да алдын ала уюштуруп туруусу зарыл экенин, эгер татаалдашып баратса, тик учактар да пайдаланыларын билдирди. Жогорудагы тапшырмаларды өз учурунда жана так аткара албаган жетекчилерге катуу чара колдонуларын эскертти.

Эске салсак, Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында 13-августтан бери 50 гектарга жакын аянтта кургак чөп жана бадалдар өрттөнгөн. Ошондон бери өрттү өчүрүү иштери улантылууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.08.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
паланча келди тукунчо келем деген ойун билдирди деп олтура бергиле от озу очот ертерек очургулода токой куйушун карап олтура бербей
19.08.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыйын пыйынды токтотуп тик учактар м.н эртереек өчүрүш керек.
19.08.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анда шайлоого Ким даярданат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: