super.kg logo

Чүй. Москва районунда жол кырсыгынан эки адам мерт болду

 

Чүй облусунун Москва районунда жол кырсыгынан эки адам каза таап, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу 18-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондогу Александровка айылында 17-августка караган түнү 29 жаштагы Д.И. БМВ-530 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып Тойота-РАФ-4 унаасын сүзүп алган. Экинчи унаанын айдоочусу, 19 жаштагы К.И. алган жаракатынан окуя болгон жерден жан берген.

Ал эми БМВ-530 унаасынын айдоочусу аймактык ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумган. 

Эки унаада тең экиден жүргүнчү болгон. Алар ооруканага жеткирилишти. Биринин абалы оор. Жол кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: