Владимир Путин Кара деңиздин түбүнө түшүп, чөгүп кеткен кемени көрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин батискаф (суу тереңдигин изилдөөчү аппарат) менен Кара деңиздин түбүнө түштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, деңиздин түбүндө В.Путин болжол менен 9-10-кылымдарда чөгүп кеткен кемени көрүп, бул тарыхты изилдөөгө маанилүү ачылыш экенин баса белгиледи. Мындан тышкары президент Орусиялык географиялык коомду 170 жылдыгы менен куттуктады. Журналисттерге берген маегинде Путин "деңиздин түбүнө түшүү - биздин тарыхый тамырларыбыз жана дүйнө менен мамилебиз канчалык терең экенин аныктоого дагы бир себеп" деген оюн айтты.
Владимир Путин Кара деңиздин түбүнө түштү (2)
Владимир Путин Кара деңиздин түбүнө түштү (1)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
2

