Өкмөт башчы милиция кызматкерлерине 86 унаанын ачкычын тапшырды











Бүгүн, 19-август күнү өкмөт башчы Темир Сариев Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунда милиция кызматкерлерине 86 унаанын ачкычын тапшырды. Иш-чаранын жүрүшүндө Темир Сариев Атайын багыттагы полктун иши менен таанышып, ички коопсуздук толук сакталса, өлкө өнүгөрүн баса белгиледи.
“Биз үчүн өлкөнүн туруктуулугу башкы нерсе. Өлкөнү башка нукка бурууга аракет кылган сырткы күчтөр бар, бирок биз аларга жол бербешибиз керек. Мамлекеттин коопсуздугу сакталып, мыйзам иштесе, өнүгүү болот. Элдин ишенгени милиция болуш керек”,- дейт Темир Сариев.
Ал эми ички иштер министри Мелис Турганбаев: “Өкмөт тарабынан милиция кызматкерлерине 1997-жылдан бери биринчи жолу унаа берилип жатат. Бул үчүн казынадан 43 миллион сомго жакын каражат керектелди. Унаалардын көпчүлүгү алыскы, тоолуу аймактарга берилет”,- деди.


1 |