Ысык-Көлдө 14 жаштагы кызды сактайм деп каза болгон Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө мамлекеттен жардам берилет
Премьер-министр Темир Сариев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Ысык-Көлдө 14 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды сактайм деп каза болгон Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө мамлекеттик жардам көрсөтүү маселесин тапшырды. Премьер-министр каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын үлгүсү экенин билдирди. Бул тууралуу 19-августта өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде 14 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Тилекке каршы, кыз куткарылган соң ал өзү каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

kyzdyn orduna ozu ketiptir kutkaruchular jook beken ?
Колдун жээгинде куткаруучу эч коро элекмин. Же мен башка жакты карап журом.