Ош шаарында 4 эс алуу багы пайдаланууга берилет






Бүгүн, 19-августта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев көп убакыттан бери кароосуз калган эс алуу бактарынын оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты. Анын жүрүшүндө Токтогул атындагы эс алуу багынын айланасын көрктөндүрүү жана ландшафттык зона түзүү иштери менен таанышуу мезгилинде бактын ичиндеги жолдорго табигый таш тизип чыгуу сунушу айтылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Манас-Ата аймактык
кеңешиндеги "Семетей" кинотеатрынын алдындагы эс алуу багы, Черёмушка кичи районундагы
эс алуу бактарын бүгүнкү күндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Т.Сатылганов атындагы борбордук китепкананын алдындагы сейил багы Эл аралык
толеранттуулук фонду менен биргеликте оңдолуп бүттү. Бул жерге жалпысынан 1
миллион 900 миң сом акча каражаты жумшалды”,- деди
А.Кадырбаев.






1 |