Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушунун 2-этабы аяктап калды (фото)













Бүгүн, 19-август күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Анда маалым болгондой, көпүрөнүн курулушунун 2-этабы аяктоонун алдында турат. Ал эми учурда 3-этабынын курулуш иштерин баштоо үчүн жол жээгиндеги объектилерди тазалоо иштери жүрүп жатат.
3-этабында көпүрөнүн эки тарабынан кошумча жолдор салынып, Мажүрүм-Тал жана Тилеке баатыр көчөлөрүнө барып биригет. Мындан сырткары Өзгөн көчөсүнөн “Келечек” базары менен “Пекин” соода борборунун ортосунан кошумча жол салуу маселеси каралууда.
Ушул кезге чейинки курулуш иштерине 240 миллион сом акча каражаты сарпталып, 7,5 миң куб бетон жумшалды. Шаар мэри 25-август күнү көпүрөнүн 3-этабынын курулушуна тендер өткөрүлө турганын билдирди.

жоктон көрө жогору.тезирээк бүтүшүн каалайбыз.
до Мелистин атын койсо жа болмок. Ош шаары учун чын дили мн кызмат корсоткон.