ЭЛДИК КАБАР: Эки жарым айдан бери дайынсыз деп изделген 63 жаштагы Баткендин тургунунун жансыз денеси Тажикстандын аймагынан табылды



2015-жылдын 7-июнунан бери изделип жаткан Баткен шаарынын тургуну Сарахан Нурматованын жансыз денеси Тажикстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына кабарлады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"Тажикстандын Исфара аймагындагы иштебей калган шахтанын ичинен белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал эки жарым айдан бери изделип жаткан чебер аял экени аныкталган. Бүгүн сөөгү жерге берилди",- дейт окурман.
Эске салсак, С.Нурматованы издөөгө көмөктөшүү суранычы менен анын жакындары буга чейин кайрылышкан эле. Алар маркумду акыркы кездерде Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ош шаарларынан көргөндөр болгонун билдиришкен эле.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
0

Кечиресиздер бул эже аяш энебиз болот. Эже Хужант облусуна Атуш базарына барып кайткан эмес.Жанында товарлары алтын буюмдары болгон балдарында ошондон бери Таджикистан Р.издеп жатат . Аяш энебиз колу гул ууз чебер .... Ушул билдирууну бир окурман жазган экен эле.значить ХХХ ХХХ ХХХ.Жаткан жери жайлуу болсун.