Шашылыш билдирүү! 22-августта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Узакка созулган кургак ысык аба ырайынан кийин 22-23-августта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Интернеттен алынды
Анда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет.
24-августта өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын болушу күтүлөт. 22-24-августта абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө +21°С болсо, тоо этектеринде +16°С, тоолуу райондордо +8°С`ге чейин төмөндөшү күтүлөт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.