super.kg logo
  Саясат  

Малайзиядагы алдынкы TV3 телеканалында Кыргыз Республикасы тууралуу дагы бир сюжет эфирге чыкты

 
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун чакыруусу менен кыргыз өлкөсүн таанытуу максатында Малайзиянын алдынкы ММКаларынын журналисттер тобу өлкөгө келип кетишкен

Быйыл июль айында иш сапары менен Кыргыз Республикасына келген малайзиялык журналисттердин бири, TV3 телеканалынын кабарчысы Азария Тагайанын кыргыз жери тууралуу дагы бир сюжети эфирге чыкты. Анын буга чейинки репортажы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусуна арналган болсо, бул жолу "Мейкин Азия" фестивалы жөнүндө болду.

"Ар бир ырчынын кыялы - дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыз болуу. Мындай максатка жетүү оңой эмес. Эл аралык музыкалык фестивалдарда музыканттар өз өнөрлөрүн дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат",- деп сюжеттин башында айтылат.

"Мындай иш-чаралардын бири - Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда жыл сайын өтүп жаткан “Мейкин Азия” фестивалы. Быйыл бул сынак өлкөнүн эң популярдуу жайларынын биринде өткөрүлүп, 20дан ашуун мамлекеттин ырчыларын келүүгө кызыктырды. Ага Орусия, Украина, Армения, Болгария, Казакстан, Македония, Молдова, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдүн ырчылары катышты. Фестивалдын максаты – ырчылардын музыкалык өнөрлөрүн эл аралык аренада көрсөтүү. Бул фестиваль экинчи ирет өткөрүлүп, келечекте туризм тармагындагы башкы кызыгууну жаратууга жардам берет",- дейт журналист Азария Тагайа.

Андан соң ал келечекте бул фестивалга Малайзиянын артисттеринин катышуусуна үмүттөнөрүн баса белгиледи.

Малайзиялык телеканал муну менен фестивалды гана эмес, кереметтүү Ысык-Көлдү дүйнөгө даңазалады. Миңдеген телекөрүүчү Кыргыз Республикасы, анын жаратылышы менен кооздугу тууралуу кызыктуу маалымат алышты. Өлкө бюджетине салмактуу киреше салчу Ысык-Көлдүн дүйнөгө жар салынышы мамлекет үчүн маанилүү кадам экени талашсыз.   

Маалымат үчүн: 2015-жылдын 24-30-июль күндөрү Малайзиянын алдынкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кыргыз жергесинде болушкан. Сапарды Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган жана кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытуу аркылуу инвесторлорду жана туристтерди тартуу максатын көздөгөн.







Малайзиядагы TV3 телеканалында "Мейкин Азия" тууралуу репортаж көрсөтүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: