super.kg logo

СССРдин Эл артисти Лев Дуров 83 жаш курагында дүйнө салды

 

СССРдин Эл артисти Лев Дуров узакка созулган оорудан улам 20-августка караган түнү дүйнө салды. Бул тууралуу актёрдун кызына шилтеме берип орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Л.Дуров 7-августта жүрөгү ооруп бейтапканага жаткырылган. Бир аптадан соң актёрдун абалы жакшы экенин дарыгерлер айтып, бирок "пневмониянын оор түрү бар" деген диагноз коюшкан. Анын жүрөгү токтоп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей жатып каза тапты. 

Лев Дуров 1931-жылы 23-декабрда туулган. 1954-жылы окууну аяктаган соң Борбордук балдар театрына кабыл алынып, 1963-жылы Ленин комсомолу театрына которулган. 1967-жылдан тартып Москва драма театрында эмгектенип келген. Биринчи жолу Леонид Малюгиндин "Кутман таң" деген тасмасына 1955-жылы тартылган. Ал 200дөн ашуун кинодо образ жараткан. Алардын арасында "Мен Москванын көчөсүндө жүрөм" ("Я шагаю по Москве"), "Картаң каракчылар" ("Старики-разбойники"), "Жаздын 17 ирмеми" ("Семнадцать мгновений весны"), "Чоң өзгөрүү" ("Большая перемена") аттуу тасмалар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: