Кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен кызматташууну токтотуу боюнча токтому күчүнө кирди

Бүгүн, 20-августта кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтом күчүнө кирди. Аталган токтомго 21-июлда премьер-министр Темир Сариев кол койгон. Мындай кадамга АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши себеп болгон эле.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Өкмөттүн 20-июлдагы №501-токтому:
1. 1993-жылдын 19-майында Вашингтон шаарында кол коюлган көмөк көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штатынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу 2015-жылдын 20-августунан баштап денонсациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган макулдашууну денонсациялоо жөнүндө Америка Кошмо Штатынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
3

